الجمعة، 30 ديسمبر 2022

ИСЛАМ АДЕПТЕРИ - Кыргызча

ИСЛАМ АДЕПТЕРИ - Кыргызча: ИСЛАМ АДЕПТЕРИ Аллахка чексиз мактоо-шүгүрлөр болсун. Анткени Ал Аллах Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламды, Өзүнүн ырайымына жетүүнү каалагандар үчүн үлгү кылып жиберди. Аллах таала Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламды, башкаларга үлгү кылып жебергендиги тууралуу төмөнкү аятта ачык баяндады. Аллах таала айтты: «Чындыгында Аллахтын Элчисинде силер үчүн, Аллахтын (сооп-сыйлыгын), акыретте (Анын ырайымын) үмүт кылгандар үчүн, жана Аллахты көп эстегендер үчүн эң жакшы үлгүлөр бар». Мусулман үммөтүнө жол башчы, ыймандууларга үлгү, эң жакшы күлк-мүрөздүн ээси, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, салам-салаваттар болсун. Аллах таала ал Пайгамбарды ыйык Куранда «улуу кулк-мүнөздүн ээси» деп баса белгилеп айткан. Аллах таала айтты: «Чындыгында сен улуу кулк-мүнөздүн ээсисиң». Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, адеп-ахлагы жана анын кулк-мүнөзү эң жогорку деңгээлдеги адеп-ахлактын башаты болгон. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Мен болгону адеп-ахлактуулукту толуктоо үчүн гана жиберилдим». Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, толук ишенген, аны ээрчиген жана аны менен бейиште бирге болуп бактылуу болгон адам – ал Пайгамбарыбыздын адеби менен адептенг

ليست هناك تعليقات:

إرسال تعليق